Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Өзгөн шаардык кеңешинин «Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Өзгөн райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Өзгөн шаар мэриясынын ортосунда келишимди бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XX сессиясынын отуруму
2019-жылдын 10-декабры № 20/5 Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Өзгөн райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Өзгөн шаар мэриясынын ортосунда келишимди бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XX сессиясынын отуруму Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 29-ноябрындагы отурумунун №15 жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 26-ноябрындагы отурумунун №4 протоколдорунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Өзгөн райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Өзгөн шаар мэриясынын ортосунда айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды мэрияга ыйгаруу максатында келишим түзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мэриянын типтүү штаттык бирдигиндеги штаттардан сырткары, кошумча штат берилсе макулдук берилсин (келишимдин долбоору тиркелет).
2. Келишимде белгиленген милдеттерди мыйзамдарга ылайык аткарылышын камсыз кылуу жана аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Өзгөн шаардык кеңешине маалымат берип туруу жагы Өзгөн шаарынын мэри М. Халматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылдын «10» декабрындагы № 20/5 токтомуна тиркеме
Өзгөн шаардык мэриясына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн келишими
1.Келишимдин тараптары
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Өзгөн райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, мындан ары «мамлекеттик орган», «Өзгөн райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жөнүндө» жобонун (же устав) негизинде иштеген башчысы Шарипова Жамал Амирбековна бир тараптан жана Өзгөн шаардык мэриясынын жобосунун (же Уставдын) негизинде иштеген Өзгөн шаардык мэриясы, мындан ары «жергиликтүү башкаруунун аткаруучу органы» башчысы Халматов Мухтар Маматжанович экинчи тараптан, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде төмөндөгүлөр тууралу ушул келишим түзүлдү:
2. Келишимдин предмети
2.1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бериллүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык (ӨРЭСӨБ) эмкегти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, Өзгөн шаардык мэриясына төмөндөгүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды сунуштайт:
1) Турмушу оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга келип түшкөн маалыматтын негизинде, а.а.
- жарандардын жана уюмдардын оозеки же кат түрүндөгү кайрылуулары;
- массалык маалымат каражаты;
- аймактык мамлекеттик органдар;
- ведомстволор аралык рейддер, акция, калк менен кезигүүшүлөрдүн жыйынтыгындакарап чыгуу жолу менен;
2) Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдардын мутаждыгын баалоо менен
- Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдардын базасын жана тизмегин түзүү
-Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдардын жашоо шартын карап чыгуу -Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдардын социалдык паспортун түзүү -Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдардын социалдык кызматка муктаждыгын баалооо -Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдардынсоциалдык кызматка муктаждыгын баардык жактан кайталап баалоо.
3) -Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдардын социалдык жактан коштоо
- жумуш менен камсыз болуу жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча жарандардын арыз жана каттарын карап чынуу;
-турмуштук оор кырдаалда кабылтпоонун алдын алуу иштерин жүргүзүү;
- үй-бүлөлөр менен жекече иштөөнү ишке ашыруунун планы; (ПИРС)
- баланы коргоо боюнча жекече иштөөнү ишке ашыруунун планы;(ИПЗР)
- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдарды социалдык коштоо, анын ичинде:
1. Арыздын ээсине бала багып алуу, багып алган үй-бүлө, мамлекеттик жөлөкпул менен камсыздоо, акчалай компенсация, кош бойлуу жана төрөгөндөн кийинки жөлөкпул, расымдык жөлөкпул, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпул менен камсыздоого керек документтер боюнча кеңеш берүү;
2. Ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик жөлөкпул боюнча каттоо журналына арыздарды каттоо;
3. ушул токтомдун 2,3,4,5-тиркемесине ылайык мамлекеттик жөлөкпул, акчалай компенсация, кош бойлуу жана төрөгөндөн кийинки жөлөкпул, ритуалдык жөлөкпул менен камсыздоо үчүн керектелүүчү документтерин жыйноого жардамдашуу;
4. ушул токтомдун 3-4-тиркемесине ылайык мамлекеттик жөлөкпул менен камсыздоо үчүн арыздарды кабыл алуу;
5. аймактык эмгекти башкаруу жана социалдык өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик жөлөкпул менен камсыздоону жөнгө салуу;
6. багып алган үй-бүлөлөрдүн шартын өркүндөтүү максатында маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
7. үй-бүлөдөн баланы ажыратуу, балага зордук-зомбулук боюнча эскертүү максатында профилактикалык жана маалымат-консультациялык чараларды жүргүзүү;
8. 2015-жылдын 22-июнунун №391 турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдар боюнча токтомдун тиркемесине ылайык турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдарды журналга каттоо;
9. 2015-жылдын 22-июнунун №391 токтомдун тиркемесине ылайык турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдардын маселелерин бардык жактан баалоо боюнча анкетаны толтуруу;
- арыз ээлеринин, _____________________
- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдарды социалдык коргоо жана бекитилген ПИРС, ИПЗРди аткарууга кабыл алуу;
2.2 Кара-Таш айыл өкмөтү жогорудагы мамлекеттик ыйгарым ишти аткарат.
3. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Өзгөн райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө укуктары жана милдеттери
3.1 Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Өзгөн райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдары төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
1. берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды, ошондой элеага керектелүүчү материалдык, каржылык ж.б. каражаттарды көзөмөлдөөнү ишке ашыруу;
2. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө материалдык каржылык ж.б. ресурстарды камсыз кылуусун көзөмөлдөө;
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча өз компентенциясы жатында аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды кабыл алууга
4. берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга байланыштуу маалымат, материалдарды, документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан талап кылуу;
5. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзам же келишимдерге белгиленген мөөнөттө тиешелүү мамлекеттик органдар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы жана аларды аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана каржылык каражаттардын пайдаланылышы тууралуу отчетторду берет;
6. берилген мамлекеттик ыйнарым укуктардын аткарылышы жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттарды максаттуу пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзөт;
7. Кыргыз Республикасынын «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамына ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары жөнүндө келишимде мөөнөтүнөн мурда токтотулушу
3.2 Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкаруусу төмөндөгүдөй компетенцияга милдеттүү:-
Берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктардын иши өз убагында толук кандуу ишке ашырууда материалдык каржылык ж.б. ресурстарды белгиленген тартипте өткөрүп берүү.
1.Укуктарды жүзөөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын усулдук, уюштуруучулук, консультациялык ж.б. документтер менен камсыз кылууга;
2. берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында жылына экиден кем эмес окууларды өткөрүү;
3. берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын жана өткөрүп берилген материалдык каржылык ж.б. каражаттарды максаттуу пайдаланышын контролдону жүзөгө ашырууга;
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча укуктары жана милдеттери
4.1 берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда айыл өкмөтү төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн өз убагында толук кандуу материалдык, финансылык ж.б. ресурстарды талап кылуу. -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдар усулдук, уюштуруучулук, консультациялык ж.б. керектүү укуктук, техникалык документтер менен камсыз кылуу.
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөөгө ашырууда кетирилген кемчиликтер болсо, соттун негизинде мамлекеттик органдар кат жүзүндө кайрылуусу. 4.2. берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда айыл өкмөтү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды КРдин укуктук ченемдик актыларына ылайык ишке ашыруу:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн багытталган материалдык каржылык ж.б. каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын жана өткөрүлүп берилген материалдык каржылык ж.б. каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоону жүзөөгө ашырууга -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында окууларды өткөрүү -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөөгө ашырууда кетирилген кемчилдиктер болсо кат жүзүндө кайрылуусу Тиушулүү мамлекеттик органга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылшынын натыйжалары жөнүндө отчетту ай сайын берүүгө; -берилген мамлекеттик ыйгарымукуктардын аткарылышы жана аларды аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана каржылык каражаттардын пайдаланышы туралуу отчетторду берүүгө; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган каражаттарды белгиленген тартипте кайрадан артка кайтарууга;
5. Жергиликтүү оөз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча милдеттерди аткаруучу адиси
5.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча милдеттерди аткаруучу адиси муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалат жана кызматтан бошотулат.
5.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча милдеттерди аткаруучу адиси Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде өз ишмердүүлүгүн жүргүүзөт.
5.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча келишимде Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча милдеттерди аткаруучу адистин укуктары жана милдеттери көрсөтүлүшү керек.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө материалдык, каржылык жана башка ресурстар менен камсыз кылуу
6.1. Мамлекеттик бийлик органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен бир убакта аларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык, каржылык же башка ресурстарды, анын ичинде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди (субвенцияларды) караган учурларда гана мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө жол берилет.
6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүзөгө ашыруусуна каржы каражаттарынын көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө усулунун негизинде аныкталат.
Ушул келишимдин 9.2. пунктунда көрсөтүлгөн трансферттердин көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилип, трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө усулунун негизине ылайык келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат.
6.3. Ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын түзүмүндө берилет жана келерки жылдын каржылыгы үчүн жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашаларынын түзүмүндө чагылуусу керек.
6.4. трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү өзүнө камтыйт:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча милдеттерди аткаруучу адисинин эмгек акысы; -берилген ишти бүтүрүүгө кеткен чыгымдар: транспорттук, чыгым байланыш кызматы; -коммуналдык чыгаша (электрге, жылуулукка, сууга кеткен чыгымдар) -канцелярдык жана турмуш-тиричилигине кеткен чыгымдар; -адистердин квалификациясын жогорулатууга кеткен чыгымдар; -жабдык жана ага ьайланыштуу буюмга кеткен чыгымдар;
6.5. Ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бериллүүчү каржы каражаттары актынын негизинде берилет.
6.6. Ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн экономикалык иш боюнча (жабдыктар, обьетилер, техника ж.б.) бериллүүчү жана каржы каражаттарын берүү алардын пайдалануу үчүн жарамдуулугун түзүү жана комиссия карап чыккандан кийин өткөрүлүп берилет.
Мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан турган паритеттүү негизде макулдашуу комиссиясы түзүлөт..
6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын бериллүүчү материалдык каражаттардын тизмеси макулдашуу боюнча аныкталат.
6.8. Ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык каражаттарды пайдалануу тартиби мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
6.9. айрым бир берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн керек болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин штаттык ченемдери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишиминде чагылдырылышы зарыл.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруудагы отчеттуулугунун формасы жана мезгилдүүлүгү
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгынын сунущтарын камсыздайт:
-ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун натыйжалары боюнча мамлекеттик органдын тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашуу формасындагы отчеттор ар бир айдын онунчу числосунан кечикпей берет.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жүзөгө ашырууну контролдоонун тартиби
8.1. Мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана келишимдин талаптарын сактоо максатында ишке ашат.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоону мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы ишке ашырат.
8.3. Мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшү:
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун бүтүндүгү жана сапатын контролго алат;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга өткөрүп берилген каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүү;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга өткөрүп берилген каражаттарды пайдалануу маселелери боюнча усулдук иштерди жүргүзүүгө.
-келишимде каралган учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды токтотуу жөнүндө жана ушул келишимдин токтотулушу жөнүндө сунушту жогорку органга даярдай жана киргизет.
8.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын контролдоону тийешелүү мамлекеттик орган төмөндөкүдөй түрдө жүзөгө ашырат:
-берилген ыйгарым укуктарды алар тарабынан жүзөгө ашыруу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо; -берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышынын натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу; -берилген мамлекттик ыйгарым укуктарды жүзөөгө ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга өткөрүп берилген каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишн текшерүүнү жүргүзүү; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштамалар; -жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулук жана максатка ылйыктуулук көз карашынан баалоо.
9. Келишимдин күчүнө кириши жана ишке ашуу мөөнөтү
9.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары келишимди бекиткенден кийин расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.
9.2. Бул келишимдин мөөнөтү бир жылдан кем эмес жана үч жылдан көп эмес болуус керек.
Эгерде бир да тарап келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин келишимди токтотуу жөнүндө өз оюн билдирбесе, анда автоматтык түрдө келишимдин мөөнөтү ошол эле мөөнөтө, ошол эле шартта узартылат.
10. Келишимди өзгөртүү шарттары
10.1. Келишимге өзгөртү жана толуктоолорду киргизүү тараптардын макулдашуусу боюнча кабыл алынат.
10.2. Келишимге өзгөртү жана толуктоолорду киргизүү айылдык Кенештин бекитилген чечимин эске алуу менен келишимге өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын токтому менен расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.
11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырууну токтотуунун негиздери жана тартиби
11.1. Айылөкмөтүнүн мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
-келишимдин колдонулуу мөөнөтү бүткөндө; -мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамды күчүн жоготуу деп таануу туралуу мыйзам күчүнө киргенде; -Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышынын камсыздоодо кийинки жылга республикалык бюджеттин трансферттери жок болсо;
- ____________________ боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мындан ары жүзөгө ашырылышы үчүн укуктук ченемдик актыларды кабыл алат;
-өз алдынча мамлекеттик ыйгарым укуктар жөнүндө мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдерин кабыл алуу; -Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамына же келишимдин шарттары жана негиздери боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тарткан учурда;
11.2. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
11.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун мөөнөтүнөн мурда баш тартуунун шарттары:
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн материалдын, каржылык жана башка каражаттарды камсыздоо мүмкүн болбогондо; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын көз каранды эмес себептеринен улам болот; -мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын өзгөртүүдө укуктук ченемдик актыларды кабыл алуу;
11.4. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун мөөнөтүнөн мурда баш тартуунун шарттары:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мындан ары жүзөгө ашыруу максатсыз деп табылганда; -Эгерде мындай бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну таталданткан шарттарды түзсө, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн алынган материалдык, каржылык жана башка каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатсыз пайдаланылган учурда. -мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын өзгөртүүдө укуктук ченемдик актыларды кабыл алуу.
11.5. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууну демилгеленген тарап келишимдин негизинде башка тарапка берилген ыйгарым укуктарды аткарууну токтотулушу мүмкүн болгон датага чейин он беш жумушчу күндүн ичинде, же келишимде каралган башка мөөнөтө жазуу жүзүндө кабарлоо жөнөтүүгө милдеттүү.
11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу жөнүндө кабарлоо алган тарап келишимдин негизинде аны он беш жумушчу күндүн ичинде кароого жана кароонун натыйжалары жөнүндө башка тарап билдирүүгө милдеттүү.
Башка тарап кабарлоо менен макул болгон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотула.
11.7. Кабарлоону кароонун натыйжалары жөнүндө жазуу жүзүндө отуз жумушчу күндүн ичинде келип түшпөгөн же башка тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе соттук тартипте чечилет.
11.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган учурда он беш жумушчу күндүн ичинде аларды ишке ашырууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген, мыйзамдын же келишимдин негизинде пайдаланылбаган материалдык, каржылык жана башка каражаттар мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген мамлекеттик органга же болбосо республикалык бюджетке же көрсөтүлгөн каражаттар алынган каржылоонун башка булагына кайтарылууга жатат.
11.9. Мыйзамда же келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо токтотулган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтото турууга укуктуу, ал жөнүндө беш жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө тийешелүү мамлекеттик органга кабарлайт.
11.10. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып аларды жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарына берген мамлекеттик органдар тарабынан аткарууга жатат.
11.11. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын токтому менен бекитилип Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылар жөнүндө» мыйзамынын негизинде күчүнө кирет.
12. Тараптардын жоопкерчилиги
12.1. Келишимди аткарбаса тараптардын укугуна шек келтирсе жана ага материалдык, моралдык зыян келтирсе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
12.2. Шаардын мэри Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу, берилген материалдык, каржылык жана башка ресурстар жана ошондой эле ушул келишимдин жоболорунун аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алышат.
13. Талаш-тартыштарды чечүү
Талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер эки тараптын сүйлөшүүлөрү же соттук негизинде чечилет.
14. Тараптын дареги жана колу
1. 1.
____________________ ____________________
2. 2.
______________________ ___________________
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 22 июня 2015 года № 391 "Об утверждении Положения о порядке выявления детей и семей, находящихся в трудной жизненной ситуации"Постановление · 22.06.2015 · № 391
- Постановление Правительства КР от 19 декабря 2014 года № 715 "Об утверждении Временной методики расчета объема трансфертов, предоставляемых местным бюджетам из республиканского…Постановление · 19.12.2014 · № 715