Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Н.Исанов айылдык кеңешинин «Чеч-Дөбө айылындагы токой чарбасына караштуу бакчанын чыгыш тарабынан Эшме- Сай сел түшүүчү сайдын 10 га жер тилкесин таш майдалоочу цех курууга берүү жөнүндө» токтому
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык Кенешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 12 - отуруму (сессиясы)
2020-жылдын 19-сентябры № 12-9 Чеч-Дөбө айылындагы токой чарбасына караштуу бакчанын чыгыш тарабынан Эшме- Сай сел түшүүчү сайдын 10 га жер тилкесин таш майдалоочу цех курууга берүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Чеч-Дөбө айылындагы токой чарбасына караштуу бакчанын чыгыш тарабынан Эшме-Сай сел түшүүчү сайдын 10 га жер тилкесин 2019-жылдын 4-мартында жайыт комитети менен биргеликте №22 номерлүү типтүү келишимге негиз, кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде 2019-жылдын 27-ноябрында №2019/28066 менен катталып, 2019-жылдын 4-матынан 2026-жылдын 4-мартына чейин 7 жылдык мөөнөт менен 2019-жылдын 5-февралындагы №43 токтомго негиз Ысакбаев Улукбекке берилген.Ушул жерди таш майдалоочу цех максатында берүү сунушун, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап, Н.Исанов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Чеч-Дөбө айылындагы токой чарбасына караштуу бакчанын чыгыш тарабынан Эшме-Сай сел түшүүчү сайдын 10 га жер тилкуесин 2019-жылдын 4-мартында жайыт комитети менен биргеликте №22 номерлүү типтүү келишимге негиз, кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде 2019-жылдын 27-ноябрында №2019/28066 менен катталып, 2019-жылдын 4-матынан 2026-жылдын 4-мартына чейин 7 жылдык мөөнөт менен 2019-жылдын 5-февралындагы №43 токтомго негиз Ысакбаев Улукбек сунушу кабыл алынсын.
2. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Чеч-Дөбө айылындагы токой чарбасына караштуу бакчанын чыгыш тарабынан Эшме-Сай сел түшүүчү сайдын 10 га жер тилкесине тургундардын макулдугу менен таш майдалоочу цех курууга макулдук берилсин.Иш кагаздарын даярдап берүү жагы Жер боюнча башкы адис М.Маликовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн
Н.Исанов айылдык Кеңешинин
Төрагасынын орун басары Б.Эргешов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.