Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Кочкор-Ата шаар мэриясынын №01-36/1640 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө (шаардын баштапкы планын кароо)» токтому
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 28-январы № 01-5/274 Кочкор-Ата шаар мэриясынын №01-36/1640 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө (шаардын баштапкы планын кароо) Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХХI сессиясы, Кочкор-Ата шаар мэриясынын №01-36/1640 сандуу кайрылуусун, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 27-майындагы № 5-нпа буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шааркуруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө эрежелер топтомун”, ушул эрежелер топтомунда каралган шааркуруу документтерин иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө», 2004-жылдын 22-майындагы №67 «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө», 1991-жылдын 21-декабрындагы № 689-XII, 2008-жылдын 30-майындагы № 252 Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жөнүндө жобо» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын №01-36/1640 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын баштапкы планынын долбоору Кыргыз Республикасынын шааркуруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө
эрежелер топтомуна ылайык жана сессия учурунда айтылган сунуштарды эске алуу менен бекитилсин.
4. Шааркуруу документтеринин түп нускаларынын жупнускалары 1(бир) даанадан, Кочкор-Ата шаар мэриясына жана шаардык Кеңешине, Ноокен райондук архитектура жана шааркурулуш башкармалыгына жана Ноокен райондук мамлекеттик каттоо кызматына тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун кабыл алынган күнү жана номери чиймелердин жупнускаларында көрсөтүлсүн.
6. ПДПга керектелүүчү акча каражаты сметага ылайык 2021-жылдын бюджетине киргизилсин.
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы А.Б.Шерматовго милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Я.Т.Абдурахманов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 4 · cited by 0 · related 1
References (4)
- Закон «О градостроительстве и архитектуре Кыргызской Республики»Закон · 11.01.1994 · № 1372-XII
- Закон «О техническом регулировании в Кыргызской Республике»Закон · 22.05.2004 · № 67
- Закон «Об индивидуальном жилищном строительстве в Кыргызской Республике»Закон · 21.12.1991 · № 689-XII
- Приказ Государственного агентства архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Правительстве КР от 27 мая 2016 года № 5-нпа "Об утверждении Свода правил о…Приказ · 27.05.2016 · № 5-нпа · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force