Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жерге-Тал айылдык кеңешинин (алкоголдук ичимдиктерди сатууга чектөө киргизүү жөнүндө) токтому
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Жерге-Тал айылдык кеңешинин ХVII сессиясы 2019-жылдын 14-февралы № 21/2 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 8 бөлүмүнүн 1 жана 3 пунктуна ылайык, этил спирти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкаголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-октябрындагы № 269 Мыйзамын аткарууга алуу менен Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн тургундарынын 2019-жылдын «25» январынын № 2 протоколунун негизинде алкоголдук ичимдиктерди сатууга чектөө киргизүү жөнүндө Жерге-Тал айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү Чолок-Кайын, Жерге-Тал айылдарында алкоголдук ичимдиктерди сатууга чектөө киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын 2009-жылдан 13-октябрындагы №269 мыйзамынын 8 беренесинин баардык бөлүмчөлөрүндө көрсөтүлгөн «Этил спиртинин. алкоголдуу жана спирттүү продукциялардын жүгүртүлүшүн коштоочу документтер толугу менен талап кылынсын, ушул берненин 7 бөлүгүндө көрсөтүлгөн коштоочу документтердин толук же айрымдары жок болсо. мыйзамсыз деп табылып, дүкөн ээлерине ичимдиктерди сатууга тыюу салынсын.
2. 9 берененин « Алкоголдук продукциянын түрлөрүн» сатуу боюнча баардык беренелерине ылайык. Чолок-Кайын жана Жерге-Тал айылдарында 13-берненин «Алкоголдук продукцияны. сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди дүң жана чекене сатуунун тартиби» жөнүндөгү 2 бөлүмчөсүнүн негизинде төмөндөгудөй жагдайларда:
- мечиттердин, ооруканалардын, спорттук жайлардын айланасында 200м. радиуста,
- 18 жашка чыга элек адамдарга, 9 беренеде көрсөтүлгөн спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.
3. 14-берененин 3 бөлүмүнө ылайык. «Алкоголдук продукцияларды саткан жерлерге 18 жашка толбогон адамдарга, инсандыгын ырастоочу документтери жок адамдарга алкоголдук продукцияларды сатууга тыюу салуу жөнүндө тамеки тартуунун жана алкоголдук продукцияларды пайдалануунун зыяндуулугу жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу дүкөн ээленине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлгө алуу Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Учугеновага жана элдик жыйында шайланган жаштардын «демилгелүү тобунун» курамына тапшырылсын.
Төрага:
О. Чодонов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Закон «О государственном регулировании производства и оборота этилового спирта и алкогольной продукции»Закон · 13.10.2009 · № 269 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 27.06.2010 · No longer in force