Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Талас шаардык кеңешинин «Талас шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдорү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги жана алардын стандарттары жөнүндө» токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXV - сессиясы 2019-жылдын 23-декабры № 240/35-7 Талас шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдорү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги жана алардын стандарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөл үмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун опитималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык, Талас шаардык мэриясынын 10.12.2019-жылдагы №01-1/1937 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кецешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын 28.11.2019-жылдагы №6 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кецешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги жана алардын стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Байгараевге) тапшырылсын.
Төрага:
М.Есенкулов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Постановление Правительства КР от 3 июня 2014 года № 302 "О мерах по оптимизации системы предоставления муниципальных услуг"Постановление · 03.06.2014 · № 302 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force