Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 30-май 2019-жылдагы кезектеги XVI сессиясынын №2-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ VIII чакырылыш кезексиз XXIII сессиясы 2020-жылдын 27-апрели № 3
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 30-май 2019-жылдагы кезектеги XVI сессиясынын №2-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 03-апрель 2020-жылдагы № 33 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын 20.04.2020-жылдагы №048/2008-07-01/4497-сандуу катынын негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XXIII cессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 30-май 2019-жылдагы кезектеги XVI сессиясынын № 2 токтомунун 3-пунктунда жазылган «1-апрелге чейин» деген сөз «1-июлга чейин» деп өзгөртүлсүн.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгына кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага
А. Джолдошев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 1 · related 1
Cited by (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.