Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ак-Коргон айылдык кеңешинин «2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү чаралары жөнүндө» токтому
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ 27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 19-сессиясы
2020-жылдын 8-февралы № 4
2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү чаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүүжана ѳткөрүү жөнүндө” № 690 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2018-жылдын 25-майындагы токтомунун, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 07.06.2018-жылдагы №44 токтомун ишке ашыруу максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 07-февраль 2020-жылдагы 27-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү максатында айыл аймакта жайгашкан калктуу конуштардагы көчөлөрдү аталышын тактоо жазуу, турак жай жана турак жай эмес курулуштарды номерациялоо жана башка каражаттар үчүн 100 миӊ сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажратылып берилсин.
2. Тиешелүү документтерди тактоо жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Коргон айылдык Кеңешинин финансы маселелер, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтом akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага
М. Инамов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Постановление Правительства КР от 23 октября 2017 года № 690 "О подготовке и проведении в 2020 году переписи населения и жилищного фонда в Кыргызской Республике"Постановление · 23.10.2017 · № 690 · No longer in force