Көк-Таш айылдык кеңешинин «Булак-Башы айылында курулуп жаткан мектептин спорт залынын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасынын негизинде, кошумча жумуштарга каражат кароо жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 6
Булак-Башы айылында курулуп жаткан мектептин спорт залынын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасынын негизинде, кошумча жумуштарга каражат кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл –Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” Жарлыгына ылайык, “Көк-Таш айылындагы спорт залдын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасынын негизиндеги кошумча жумуштарга жергиликтүү бюджеттен каражат кароо жөнүндө” күн тартибиндеги маселени талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Булак-Башы айылында курулуп жаткан мектептин спорт залынын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасынын негизиндеги кошумча жумуштарга жергиликтүү бюджеттен каражат кароого макулдук берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага
Н. Жакыев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.