Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кара-Таш айыл кенешинин «Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик багыттагы мекеме-ишканаларга карата ичүүчү таза сууга болгон тарифти бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Кара-Таш айыл кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI cессиясы
2019-жылдын 9-марты № 1
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик багыттагы мекеме-ишканаларга карата ичүүчү таза сууга болгон тарифти бекитүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик багыттагы мекеме-ишканаларга карата ичүүчү таза сууга болгон тарифин ЮСАИДдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун эксперттеринин кеп-кеңеши, ошондой эле Кара-Таш айыл аймагындагы “Көл-Жаңгак” ИСКАКБнын Кара-Таш айылынын тургундары менен өткөрүлгөн чогулуштарынын протоколдору Кара-Таш айыл кеңешинин “Укук, мыйзамдуулук жана регламент”, “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиялары тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтомунун Жобосуна ылайык Кара-Таш айыл Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик багыттагы мекеме-ишканаларга суу эсептегич аркылуу өткөн суунун өлчөмү үчүн түзүлгөн калькуляциянын негизинде төмөндөгү тарифтер белгиленсин:
Айыл тургундарына - 1м3 = 20 сом Бюджеттик багыттагы мекемелерге - 1м3 = 35 сом Коммерциялык багыттагы мекемелерге - 1м3 = 35 сом Борборлоштурулган мечит менен медресеге - 1м3 = 10 сом
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара- Таш айыл Кеңешинин «Укук, мыйзамдуулук жана регламент” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Н. Джаныбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.