Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин «Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндө» токтому
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезектеги 17-сессиясы
2019-жылдын 25-марты № 11
Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 токтомуна ылайык Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен айыл акча каражатын кароо жана айыл амагындагы калктуу конуштардын жана көчөлөрдүн аталыштарын алмаштырууну убактылуу токтотуу максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 31-декабарына чейинки мезгилде айыл аймагындагы калктуу пунктардын жана көчөлөрдүн аталыштарын алмаштыруу токтотолсун.
2. Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүнү уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттен сметага ылайык акча каражаты каралсын.
3. Эл жана турак-жай фондун каттоону уюштуруу жана ага кеткен чыгымдардын сметаларын мыйзам чегинде эсептеп чыгып, иш алып баруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Таши уулу Жетимишке жүктөлсүн.
Төрага
Ш. Арынов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 23 октября 2017 года № 690 "О подготовке и проведении в 2020 году переписи населения и жилищного фонда в Кыргызской Республике"Постановление · 23.10.2017 · № 690 · No longer in force