Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Узун-Кыр айылдык кеңешинин XIII-27 «Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-2020 жылдарга социалдык мамлекеттик заказы Программасын бекитүү жөнүндө» токтому
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ 2019-жылдын 10-июну № 90/ XIII-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-2020 жылдарга социалдык мамлекеттик заказы Программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги “Мамлекеттик социалдык заказ” жөнүндөгү Мыйзамына ылайык жана 12 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн иш чараларды уюштуруу жана аткаруу максатында, Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтунүн 2019-2020 жылдарга мамлекеттик социалдык заказ Программасы бекитилсин.
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүндө мамлекеттик социалдык заказынын ишке ашыруу планы иштелип чыксын.
3. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн бюджетинен 70823 “Маданият” бөлүмүнөн суммасы 250,0 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты мамлекеттик социалдык заказ Программасын ишке ашыруу үчүн бөлүнүп берилсин.
4. Мамлекеттик социалдык заказ Программасын ишке ашыруу Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы С.А.Чокошовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Ж.А. Малабаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О государственном социальном заказе»Закон · 28.04.2017 · № 70