Семиз-Бел айылдык Кеңешинин «Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүндɵгү айыл чарба жерлерин кайра бɵлүштүрүү фондунун жерлерин жарандарга ижарага конкурсттук, аукцион жана түз берүү жолдору менен берүү максатында жер комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги III-сессиясы
2017-жылдын 10-январы № 3/5 Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүндɵгү айыл чарба жерлерин кайра бɵлүштүрүү фондунун жерлерин жарандарга ижарага конкурсттук, аукцион жана түз берүү жолдору менен берүү максатында жер комиссиясын түзүү жөнүндө Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүндɵ Жарандарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-жылдагы №1997-III токтому менен бекитилген « Айыл чарбасынын кайра бɵлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү» жɵнүндɵгү типтүү Жобосунун-III пунктунун 21 бɵлүгүнүн талабына ылайык айыл чарбасынын кайра бɵлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага конкурстук, аукцион жана түз берүү жолдору менен берүү боюнча комиссия түзүү максатында, Семиз-Бел айылдык Кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүндɵгү айыл чарба жерлерин кайра бɵлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралу типтүү жобого ылайык тɵмɵндɵгү курамда жер комиссиясы бекитилсин.
Т.Дыйканов- комиссиянын тɵрагасы, №3 Чекилдек шайлоо учас. а/кеңештин депутаты
С.Ɵмүрова- комиссиянын катчысы,а/ɵ жооптуу катчысы
Комиссиынын мүчɵлɵрү:
Б.Акишов- Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн башчысы
Э.Эгинбаев Кара-Тоо шайлоо учас.депутаты
Т.Токонсартов Арсы шайлоо учас.депутаты
Орозобек у. Улан-Семиз-Бел шайлоо учас.депутаты
Б.Кɵбɵнов-Кара-Тоо айыл башчысынын мил.аткар
Б.Намазбек у-Семиз-Бел айыл башчысы
К.Карабаев-Чекилдек айыл башчысы
К.Ирсалиев-Арсы айыл башчысы
С.Сыдыгалиев-Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн жер адиси
2. Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүндɵгү айыл чарба жерлерин кайра бɵлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага конкурстук аукцион жана түз берүү жолдору менен ижарага берүүдɵ комиссиянын чечимине ылайык кардарлардын жерлеринин чегин тактап, келишим түзүп, тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы жер адиси С.Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.
Төрага
Р.Базаркулов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.