Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Казыбек айылдык кеңешинин « Н.Үсөналиев орто мектебинде «Көзөмөлчүлүк кеңешин» түзүү жөнүндө» токтому
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-шайланышынын 21 - кезексиз сессиясы
2016-жылдын 17-августу № 6
Н.Үсөналиев орто мектебинде «Көзөмөлчүлүк кеңешин» түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 134-б буйругуна ылайык «Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу , мамлекетик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына бюджеттен тышкаркы каражаттардын натыйжалуу жана ачык-айкын пайдаланышын камсыздоо максатында , «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык жана Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын 6-май 2016-жылдагы № 88-б буйругунун негизинде , айылдык Кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын 6-май 2016-жылдагы № 88-б буйругу Казыбек айыл өкмөтүнүн Н.Үсөналиев атындагы орто мектебинде аткарууга алынсын.
2. 2016-жылдын 1-июлдан тартып 31-декабрына чейин Н.Үсөналиев атындагы орто мектебинин бюджеттен тышкаркы каражаттарын жөнгө салуу механизмин пилоттук апробациялоо жүргүзүлсүн.
3. Казыбек айыл өкмөтүндөгү Н.Үсөналиев атындагы орто мектепте бюджеттен тышкаркы каражаттарды эсепке алуу жана тейлөө үчүн мамлекеттик үлүш катышкан коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берилсин.
4. Казыбек айыл өкмөтүндөгү Н.Үсөналиев атындагы орто мектебинин бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата «Көзөмөлчүлүк Кеңешинин» курамы 9 (тогуз) адамдан түзүлсүн:
5. Ш.Кожониязов- айылдык кеңештин депутаты;
М.Такееев – ата-энелер комитетинин төрагасы;
М.Ибраева- мугалим;
Т.Дүйшөналиев – Люстрия коомдук бирикмесинин Ат-Башы районунун
координаторунун орун басары;
5. А.Асаналиев – айыл тургуну;
6. О.Акматова – айыл тургуну;
7. К.Истам у. – айылдык кеңештин депутаты;
8. А.Андабеков – бала бакчанын мугалим;
9. Э.Бактыгулов - айыл өкмөтүнүн соц.кызматкери.
5. Түзүлгөн «Көзөмөлдүк кеңешинин» курамы массалык маалымат булактарына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго жана Н.Үсөналиев атындагы орто мектебинин директору А.Эшмамбетовго тапшырылсын.
Төрага
Б. Аттокуров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.