Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Гүлчө айылык кеңешинин «Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасында «Малдарды идентификациялоо» мыйзамына ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн оператордун айлык акысын жана ветеринардык врачтын кызмат акысын бекитип берүү жөнүндө» токтому
ГҮЛЧӨ АЙЫЛЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Гүлчө айылык кеңешинин 6-чакырылышынын 4-заседаниеси 2017-жылдын 3-марты № 4/4 Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасында «Малдарды идентификациялоо» мыйзамына ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн оператордун айлык акысын жана ветеринардык врачтын кызмат акысын бекитип берүү жөнүндө Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 4-заседаниеси Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасында «Малдарды идентификациялоо» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы №694, 2016-жылдын 11-апрелиндеги №187 токтомдорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын 2017-жылдын 20-февралындагы №031 буйругунун негизинде малдарды идентификациялоо жоболоруна таянып жана 2016-жылдын 11-15-июлунда ЕАЭСтин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин шарттарына ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн оператордун айлык акысын жана ветеринардык врачтын кызмат акысын бекитип берүү үчүн Гүлчө айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси М.Борбоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасында «Малдарды идентификациялоо» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы №694, 2016-жылдын 11-апрелиндеги №187 токтомдорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын 2017-жылдын 20-февралындагы №031 буйругу жетекчиликке алынсын жана аткарылышы камсыздалсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында малдарды идентификациялоодо ар бир малга 70 сомдон болуп бекитилсин жана оператор үчүн жыл жыйынтыгы менен бир айлык акы өлчөмүндө акчалай сыйлоо сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
Төрага
К.Исмаилов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 1
References (2)
- Постановление Правительства КР от 5 декабря 2014 года № 694 "Об утверждении Правил идентификации животных"Постановление · 05.12.2014 · № 694 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 11 апреля 2016 года № 187Постановление · 11.04.2016 · № 187
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force