Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Сүлүктү шаардык кеӊешинин «Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө» токтому
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) XXV сессиясы
2020-жылдын 21-февралы № 120 Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловдун аткарган иштери жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-6-пунктуна ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловдун 2019-жылга аткарган иштери канааттандырарлык деп эсептелсин
2. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловго төмөнкүлөр милдеттендирилсин
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8- октябрындагы №608 токтому менен Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчик бөлүмүнө өткөрүүп берилген муниципалдык мүлктөрдүн реестрин толугу менен бүтүрүү, мамлекеттик каттоодон өткөрүү
- Ижарага берилген жер тилкелеринин ижара акысын төлөбөгөн мекеме ишканалар боюнча мыйзам чегинде чараларды көрүү
- Кольцо станциясынын жеринин башкы планын жана инвентаризациясын бүтүрүү боюнча иш жүргүзүү
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаардык мэриясына жана Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловго, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага
К. Исмаилов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force