Казыбек айылдык кеңешинин «Каратал - Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жыл № 02-4/191 сандуу катын кароо жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 6 - кезектүү сессиясы
2019-жылдын 12-декабры № 8 Каратал - Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жыл № 02-4/191 сандуу катын кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары Департаментине караштуу Каратал - Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жыл № 02-4/191 сандуу катынын негизинде айыл өкмөтүнүн 30.04.2008-жылдагы № 4/2 сандуу токтому жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн 30.04.2008-жылдагы № 4/2 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Чатыр-Көл көлүнүн көл баскан аянтынын жээгинен Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин 1989-жыл 31- мартындагы № 101 токтомунун негизинде такталган 1 км кургак жер аянты 3393гектар Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы ” деп белгиленсин.
3. Токтомго ылайык жерге ээлик кылуучу иш кагаздарына толуктоолорду каттоого алуу Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөргө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
4. Бул токтом менен Казыбек айыл аймагындагы бардык чарба жүргүзүүчү субьектилер, айыл тургундары тааныштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага
Д. Кайыпов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Кабинета Министров КР № 101 от 13.02. 2026 г.Постановление · № 101