Кочкор айылдык Кеңешинин «Муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн төлөмдүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXIV сессиясы
2020-жылдын 18-майы №54/3 Муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн төлөмдүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 30-мартындагы №186 буйругунун негизинде, COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирген терс таасирди азайтуу максатында, муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн төөлөмдөрдүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 13-апрель 2020-жылдагы № 638-катын карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Учурдагы , COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирген терс таасирди азайтуу максатында, муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн төөлөмдөрдүн мөөнөтүн 2020-жылдын 1-апрелинен тартып 3 айга кийинкиге жылдырылсын.
2.Токтомду аткаруу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн салык инспектору боюнча адистерине тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго тапшырылсын.
Төрага:
Т.Ж.Балкыбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Распоряжение Премьер-министра Кыргызской Республики от 30 марта 2020 года № 186 (Об утверждении Плана первоочередных мер Правительства Кыргызской Республики на 2020 год по…Распоряжение · 30.03.2020 · № 186 · No longer in force
Related documents (1)
From the official source, without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force