Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө» токтому
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXXVI сессиясы
2019-жылдын 18-октябры №46/2 Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» 2003-жылдын 9-июлундагы №127 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014жылдын 17-мартындагы №145 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин 2-3-бөлүктөрүнө ылайык Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинен, түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан берилген ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча каржылоого керектөлүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын жана Кочкор айыл аймагынын Кочкор айыл өкмөтүнөн социалдык маселелер боюнча үч кызматкери бекитилсин.
3.Кочкор айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Г.Калыковага келишимде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынан которулган акча каражатынын жергиликтүү бюджетке которулусуна көзөмөл кылуу жагы тапшырылсын.
Төрага:
Т.Ж.Балкыбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 3
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Постановление Правительства КР от 17 марта 2014 года № 145 "О делегировании органам местного самоуправления отдельных государственных полномочий"Постановление · 17.03.2014 · № 145
- Закон «О порядке делегирования органам местного самоуправления отдельных государственных полномочий»Закон · 09.07.2013 · № 127
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force