Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин обьектилеринин курулушуна бөлүнүүчү жер аянттарынын категориясын которууга макулдук берүү жөнүндөгү Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын депутаттарынын сессиясынын 05.03.2020-жылдагы №3 токтомуна өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы
2021-жылдын 15-июлу № 4/1 “Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин обьектилеринин курулушуна бөлүнүүчү жер аянттарынын категориясын которууга макулдук берүү жөнүндөгү Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын депутаттарынын сессиясынын 05.03.2020-жылдагы №3 токтомуна өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө. “Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин обьектилеринин курулушуна, Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагына тийиштүү жер аянттары боюнча ушул эле айыл аймагынын 2019-жылдын 12-июлундагы жалпы элдик чогулушунун чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын №145 мыйзамынын 7-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” убактылуу жобосуна ылайык, Жерге-Тал айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IV кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагында жайгашкан, жалпы аянты 21,09 га мамлекеттик менчиктеги жерлерди (19,79 га сугат айдоо (контур №2-1,69 га, №3-8,80 га, №3-4,0 га, №3-5,3 га), 1,3 га жайыт (контур №1-1,3 га)) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо иши Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Жерге-Тал айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jergetal.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага
М.Турганалиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 3
References (1)
- Постановление Правительства КР от 19 марта 2014 года № 169 "Об утверждении Временного положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"Постановление · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · No longer in force
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 11 сентября 2010 года №199 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 11.09.2010 · № 199 · No longer in force