Жекенди айылдык кенешинин «Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл чарба жер салыгын бир эсе көтөрүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жекенди айылдык Кенешинин депутаттарын алтынчы чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясынын заседаниеси
2019-жылдын 11-февралы № 11 Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл чарба жер салыгын бир эсе көтөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 16 –мартындагы №51,2014-жылы 31-декабрь № 182 , 2016-жылдын 12- августундагы №167 мыйзамдарынын редакцияларынын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337- беренесинин Айыл чарба жерлеринин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларынын 6-пункутуна ылайык 2018-жылга чейин 1 га жерге 91сом 50 тыйын болсо, 2018-жылдын 1-январынан тартып 1 га жерге 183 сом болуп № 11/3 28-декабрь 2018-жылдагы токтомунун негизинде бир жолу өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу Жекенди айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айыл аймагынын айыл чарбасы багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн алынуучу салыктын базалык ставкасы 2019-жылдын 1-январынан тартып 1 га жерге 183 сом болуп калтырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Жекенди айылдык аймагынын улук салык инспектору А.Эшовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция,энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Кошоевге тапшырылсын.
Төрага
С. Д. Халилов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 1
References (2)
- Закон «О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики»Закон · 12.08.2016 · № 167 · No longer in force
- Закон «О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики»Закон · 31.12.2014 · № 182 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Налоговый кодекс КРКодекс · 17.10.2008 · № 230 · No longer in force