Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Достук айылдык кеңешинин «Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүндɵгү социалдык маселелер боюнча адис кызмат ордун келишим менен штаттык бирдигин бекитүү жɵнүндɵ» токтому
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Достук айылдык кеңешинин (XVII-чакырылыштагы ) XI-сессиясы
2019-жылдын 15-августу № 15 Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүндɵгү социалдык маселелер боюнча адис кызмат ордун келишим менен штаттык бирдигин бекитүү жɵнүндɵ Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн социалдык маселелер боюнча адис кызмат ордун келишим менен штаттык бирдигин бекитүү боюнча депутаттардын Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин XVII чакырылышындагы XI кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин кɵлɵмүн эсептɵɵнүн убактылуу методикасын бекитүү жɵнүндɵ” жана Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ɵнүгүү министрлиги жɵнүндɵ Жобонун” негизинде Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүндɵ 15-август 2019-жылга карата социалдык маселелер боюнча адис кызмат ордун келишим менен штаттык бирдиги бекитилсин.
2. Сметада каралаган акча каражаты мɵɵнɵтүнɵн кечиктирилбей тɵлɵп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ɵнүгүү министрлигинен жана Финансы министрлигинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн ФЭБ башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
Төрага
К.Өмүрканов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- ПОЛОЖЕНИЕ о Министерстве труда и социального развития Кыргызской Республики от 28 декабря 2015 года № 888Положение · 28.12.2015 · № 888