Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Момбеков айылдык кеңешинин «Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган айрым токтомдорду жокко чыгаруу жана айрым токтомдорго толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги 29 сессиясы
2019-жылдын 19-декабры №2 Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган айрым токтомдорду жокко чыгаруу жана айрым токтомдорго толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы “Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” № 690-токтомуна таянып, Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган айрым токтомдорду жокко чыгаруу жана айрым токтомдорго толуктоо жана өзгөртүү киргизүү максатында Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 29-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган 27-апрель 2018-жылдагы Бостон айылына Кудайназаров Салинин, Жаӊы-Кыштак айылындагы жаӊы конушка Эгембердиев Садиштин, Чамашов Апсаматтын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү № 2- токтому жокко чыгарылсын.
2. Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган 21-август 2019-жылдагы № 2-токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
3. Чек айылындагы мурдагы №12-бригаданын шыйпаӊынын батыш тарабынан жогору карай кеткен көчөнүн эски аталышы боюнча Чек көчөсү калтырылсын жана жаӊы коюлган Мавлянов Көкүмбайдын ысымы жокко чыгарылсын.
-Жазгак айылындагы эски саан короонун ичи эски аталыштагы Жазгак -2 көчөсү калтырылсын жана жаӊы коюлган Шакиров Тагайдын ысымы жокко чыгарылсын. -Курулуш айылындагы мал базардын жогору жагындагы Курулуш, Курулуш-1 көчөлөрүнүн эски аталыштары калтырылсын жана жаӊы коюлган Осмонов Тургуналынын ысымы жокко чыгарылсын.
4. Кабыл алынган токтом Акыйкат гезитине жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн статист-экономисти А Кадировго жүктөлсүн.
Төрага
Т.Стамбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 1 · related 2
Cited by (1)
- Момбеков айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-апрелиндеги № 2 «Бостон айылына Кудайназаров Салинин, Жаңы-Кыштак айылындагы жаңы конушка Эгембердиев Садиштин, Чамашов Апсаматтын…Постановление · 27.04.2018 · № 2 · No longer in force
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Момбеков айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21-августундагы №2 "Айыл аймагындагы ысымы жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 21.08.2019 · № 2
- Постановление Правительства КР от 23 октября 2017 года № 690 "О подготовке и проведении в 2020 году переписи населения и жилищного фонда в Кыргызской Республике"Постановление · 23.10.2017 · № 690 · No longer in force