Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин «Муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жѳнүндѳ»токтому
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2018-жылдын 12-декабры №29/17-7 Муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүлѳр жѳнүүндѳ» Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын /кмѳтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы №80 токтомуна ылайык, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2018-жылдын 27-ноябрындагы №01/1110 иш кагазын, шаардык кеңештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 6-декабрындагы отурумунун бүтүмүн карап чыгып, талкуулап жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат кѳрсѳтүү тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Чолпон-Ата шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата шаардык мэриясы тарабынан кѳрсѳтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Шаардык кеңештин аппаратына токтомду Чолпон-Ата шаардык кеңешинин ченемдик-укуктук актыларды каттоо журналына каттоо, массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык кеңештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасы:
К.Токтомуратов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.