Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Майлуу-суу шаардык кеңештин «Майлуу-Суу шаарынын “Жеке Мисте” мазарына баруучу жолдун оӊндоо иштерине кошумча 288,6 миӊ сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»токтому
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Майлуу-суу шаардык Кеңештин VIII-чакырылыштагы VIII- кезексиз сессиясы
2019-жылдын 19-декабры № 8-8-7 Майлуу-Суу шаарынын “Жеке Мисте” мазарына баруучу жолдун оӊндоо иштерине кошумча 288,6 миӊ сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун маалыматын угуп, карап чыгып,депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин VIII-чакырылыштагы VIII- кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Шаардык кеңештин 2019-жылдын 03-майындагы №7-8-4 токтомунун 22-пунктунда көрсөтүлгөн “Горжилзеленстрой” мекемесинин сметасына ылайык шаарга светофор орнотууга каралган акча каражаттын эсебинен “Жеке Мисте” мазарына баруучу жолдун оӊдоо иштерине кошумча 288,6 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэрине ( Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ю.Токтоназаров) жүктөлсүн.
Шаардык кеӊешинин төрагасы
Б.К.Барбиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.