Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Талас шаардык кеңешинин «Талас облустук өнүктүрүү фондусуна долбоорлорду сунуштоо жөнүндө» токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги VI- сессиясы
2017-жылдын 20-апрели № 29/6-7 Талас облустук өнүктүрүү фондусуна долбоорлорду сунуштоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтомуна ылайык, Талас облустук өнүктүрүү фондусунун талаптарына шайкеш Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы шаардын социалдык экономикалык жактан өсүп өнүгүүсү үчүн эң башкы приоритет катары эсептелген долбоорлордун үстүндө иштеп чыгып, сунуштоо жөнүндө маселени карап, талкуулап, Талас шаарында бала бакча куруу, калктын өзгөчө кырдаалдар коопсуздугун камсыздоо жана жол көйгөйлөрүн жөнгө салуу максатында Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы (мэр А.Джузупбеков) шаардагы эң маанилүү приоритет катары төмөндөгү долбоорлордун үстүндө Талас облустук өнүктүрүү фондусунун талаптарына шайкеш иш алып барсын жана долбоорлорго макулдук алуу боюнча Талас шаардык кенешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
- Талас шаарындагы ”Жаштык” кичи районунун аймагына бала бакча куруу
жөнүндө;
- Талас шаарынын “Анар” кичи районунда жашаган калктын өзгөчө кырдаалдар
коопсуздун камсыз кылуу үчүн дренаж казуу жөнүндө;
- Талас шаарынын ички жолдорун асфальттоо жөнүндө;
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына
жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенештин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мүсүралиева Н.С.) тапшырылсын.
Төрага
М.Есенкулов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 3
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Талас шаардык кеңешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 45/9-7 "Талас шаарынын ички жолдорун асфальттоо долбоору жөнүндө" токтомуПостановление · 28.06.2017 · № 45/9-7
- Талас шаардык кеңешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 48/9-7 "Талас шаарындагы Ж.Тагайбаев көчөсүндөгү жер алдындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү долбоору жөнүндө" токтомуПостановление · 28.06.2017 · № 48/9-7
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force