Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кок-Жар айылдык кеңешинин “Айыл чарба сугат айдоо жер аянтын курулуш алдындагы жер аянтына (трансформациялоо) которууга макулдук берүү жөнундө» токтому
КОК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кок-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын
кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 7-февралы № 23/9 “Айыл чарба сугат айдоо жер аянтын курулуш алдындагы жер аянтына (трансформациялоо) которууга макулдук берүү жөнундө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 73-беренесинин 1-белумунун 3-абзацына Кыргыз Республикасынын кметунун 31.10.2018- жылдагы №512 Токтому менен бекитилген убактылуу тартибине ылайык жана “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесин жетекчиликке алып, Кочкор айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 Токтому менен “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мараторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Респуликасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтуу өз алдынча башкаруу ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтуу өз алдынча башкаруунун тийиштуу органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибине ылайык, Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар айылынын “Кара- Теке” участкасынын №186-контурундагы 40.0га айыл чарба мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерин, Көк-Жар айылындагы “Сарт-Арык” участксынын № 184-контурундагы 4,0га айылчарба мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерин, Көк-Жар айылынын “Алма-Бак” участкасынын №105- контурундагы 7,0га айыл чарба мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерин, Көк-Жар айылынын “Кырман” участкасынын №66-контурунан 6,0 га айыл чарба мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерин, жалпы 57,0 га сугат айдоо жерлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы №512 Токтому менен бекитилген убактылуу тартиби күчүнө киргенге, Кочкор райондук кенешинин 30.06.2008-жылдагы №10/57 Токтомуна жана Көк-Жар айылдык кеңешинин 12.05.2008-жылдагы №4 Токтому жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 14.05.2008-жылдагы 4-а Токтому чыгарылгандыгына байланыштуу сугат айдоо жер аянттарын курулуш алдындагы жер аянтына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы № Токтому менен бекитилген убактылуу тартибине ылайык жер отчетуна өзгөрүү киргизип, тиешелүү документтерин тактап берүу жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кочкор районундагы филиалына жана райондук мамлекеттик администрациясынын жер участокторун которуу иштерин жүргүзүү (трансформациялоо) комиссиясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Торага А.Кадыракунов
Жиберилсин: иш кагазына, КРМАнын комиссиясына, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кочкор районундагы филиалына, облустук юстиция башкармалыгына
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 2
References (1)
- Постановление Правительства КР от 31 октября 2018 года № 512 "Об утверждении Временного порядка перевода (трансформации) земельных участков орошаемой пашни, застроенных…Постановление · 31.10.2018 · № 512 · No longer in force
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · No longer in force
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force