Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кеңеш айылдык кеңешинин «16 жашка толгон тоголок жетим балдарга жер участогун кезексиз берүү тууралуу» токтому
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кеңеш айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
2020-жылдын 31-январы № 24-6 16 жашка толгон тоголок жетим балдарга жер участогун кезексиз берүү тууралуу. 16 жашка толгон тоголок жетим балдарга жер участогун кезексиз берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Г.Ысакованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КРнын конституциясынын 16-беренесинин 5-пункту, 36-беренесинин 4-пункту, турак-жай кодесинин 44-беренесинин 1-бөлүмүндө «Жетим балдар, ата-энесинин көзөмөлүүсүз калган балдар мекемелеринде, балдар үйүндө болуусу аяктагандан кийин турак жай менен биринчи кезектеги тартипте камсыз кылынары», Балдар жөнүндө кодексинин 13-беренесинин талаптарына ылайык турак жайы жок жетим балдарга 16 жашка чыкканда мыйзамда белгиленген тартипте турак жай аянтын кезексиз алуу укугунан пайдаланат деп белгиленгендигин эске алып Кеңеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагында жашаган ата-энесинин көзөмөлүүсүз калган 16 жашка толгон тоголок жетим балдарга жер трансформацияланып келген учурда жер участогу кезексиз берилсин.
2. Жер алууга керектүү документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Г.Ысаковага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Матисаков Абдыкалыкка тапшырылсын.
Төрага
Абдибает уулу М
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Жилищный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Кодекс Кыргызской Республики о детяхКодекс · 10.07.2012 · № 100