Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жошолу айылдык кеңешинин «Жошолу айыл өкмөтүнүн Ленин-Жол айылына салынган спорт комплекске айыл өкмөттүн Ленин-Жол айылынын тургуну, эмгек ардагери Шамырбеков Кеңештин ысмын берүү жөнүндө» токтому
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХХV заседаниясы
2020-жылдын 9-марты № 35/6 Жошолу айыл өкмөтүнүн Ленин-Жол айылына салынган спорт комплекске айыл өкмөттүн Ленин-Жол айылынын тургуну, эмгек ардагери Шамырбеков Кеңештин ысмын берүү жөнүндө Жошолу айыл өкмөтүнүн Ленин-Жол айылына салынган спорткомплекске Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 488 токтомуна ылайык, Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу Жобосунун 2-пунктуна таянып,айыл өкмөттүн Ленин-Жол айылынын тургуну, эмгек ардагери Шамырбеков Кеңештин ысмын берүү жөнүндөгү Ленин-Жол айылынын 2020-жылдын 29-январындагы элдик жыйынынын № 03 протоколунун негизинде Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын ХХХV заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Ленин-Жол айылына салынган спорткомплексинеайыл өкмөттүн Ленин-Жол айылынын тургуну, эмгек ардагериШамырбеков Кеңештин ысмын коюу жөнүндөгү Ленин-Жол айылынын 2020-жылдын 29- январындагы элдик жыйынынын № 03 протоколу жактырылсын. ( 29.01.2020-ж. Ленин-Жол айылынын элдик жыйынынын № 03 протоколу тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 488 токтомуна ылайык Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу Жобосунун 2-пунктуна таянып, Алай районунун «Ардактуу атуулу», көп жылдар бою Жошолу селолук советинде төрага, мектепте директор болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан Шамырбеков Кенештин ысмы айылдык Кеңештин депутаттарынын макулдугу жана элдик жыйындын чечиминин негизинде Ленин-Жол айылына жаңыдан курулган спорткомплекскеыйгарылсын.
3. Спорткомплекстин имаратына «Шамырбеков Кеңеш атындагы спорткомплекс» ысмын берүү жөнүндөгү айылдык кеңештин чечимин тийиштүү уюмдарга жана мекемелерге билдирилсин жана Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага : З.Боронов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 19 августа 2008 года № 467 "О Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и географических…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 27 августа 2014 года № 488 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики «О Межведомственной комиссии по…Постановление · 27.08.2014 · № 488 · No longer in force