Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Савай айылдык кеңешинин «Савай айыл өкмөтүнө караштуу ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү жөнүндө» токтому
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Депутаттардын Савай айылдык Кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги III сессиясы
2019-жылдын 07-августу.№ 2/8 Савай айыл өкмөтүнө караштуу ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы №602, 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599, 2019-жылдын 15-февралындагы №55 токтомдордун редакциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобонун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ижара мөөнөтү аяктаган Савай айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599 токтомунун редакциясынын ылайык ижарага берилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү жеринин суулу жери 1 гектарына жылына 5000 (беш миң) сомдон, кайракы жери 1000 ( миң) сомдон, шарттуу сугат жерлер жылына 3500 (үч миң беш жүз) сомдон ижарага берилсин. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери беш жылдан көп убакытка берилген жерлердин келишими жокко чыгарылып, башынан торука коюлсун жана беш жылдык мөөнөт менен берилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин айыл чарба, жер, жайыттар жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
А.Баимбетов.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 4 · cited by 0 · related 0
References (4)
- Постановление Правительства КР от 22 июня 2007 года № 243 "О Типовом положении об условиях и порядке предоставления в аренду земель Фонда перераспределения сельскохозяйственных…Постановление · 22.06.2007 · № 243
Showing 1 of 4. The full list is in the links panel.