Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин «Т.Кулатов атындагы айыл аймагында маданий ийримдерди өнүктүрүү максатында ийримдин жетекчилерине жергиликтүү бюджеттен субсидия берүү жөнүндө»токтому
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6 чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы
2019-жылдын 5-июлу №21-2
Т.Кулатов атындагы айыл аймагында маданий ийримдерди өнүктүрүү максатында ийримдин жетекчилерине жергиликтүү бюджеттен субсидия берүү жөнүндө
Т.Кулатов айылдык кенешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 12-6 токтому менен бекитилген, Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексиинин 22 беренесинин негизинде,Т.Кулатов атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагында катталган, 16 жашка толбогон 55 балага маданий ийримдердин кызматын төлөгөнгө субсидия берүү максатында Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен ай сайын 3000 (үч мин) сомдон акча каражаты төлөнүп берилсин.
2. Субсидия алууга талапкер балдардын саны 100 (бир жүз) баладан ашса, балдарды тандоо боюнча комиссия түзүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү максатында юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Кулатов атындагы өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин төрагасы:
А.Топчубаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Т. Кулатов атындагы айылдык кеӊешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 12-6 "Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.04.2018 · № 12-6