Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
1-Май айылдык кеңешинин «1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылынын тургундары Кожобеков Рахманберди Камчыевичтин, Токтошов Султаналынын, Коргонов Токтоматтын жана Момунов Абдиназардын эски базардын ордундагы жана чек ара тилкесинде жайгашкан жер аянттарын айыл өкмөтүнүн балансына алууга уруксат берүү жөнүндө»токтому
1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIII сессиясы
2019-жылдын 17-июну №1 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылынын тургундары Кожобеков Рахманберди Камчыевичтин, Токтошов Султаналынын, Коргонов Токтоматтын жана Момунов Абдиназардын эски базардын ордундагы жана чек ара тилкесинде жайгашкан жер аянттарын айыл өкмөтүнүн балансына алууга уруксат берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Мыйзамынын 3-главасынын 9-беренесинин 2-жана 3-пунктуна ылайык 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылынын тургундары Кожобеков Рахманберди Камчыевичтин, Токтошов Султаналынын, Коргонов Токтоматтын жана Момунов Абдиназардын эски базардын ордундагы чек ара тилкесинде жайгашкан жер аянттары, ошондой эле базар башка жакка жылдырылгандыгына байланышгтуу өздөрүнүн жеке менчигинде турган жер аянттарын акысыз айыл өкмөтүнүн балансына алууга уруксат берүү максатында 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айры-Там айылындагы чек ара тилкесинде жайгашкан Кожобеков Рахманберди Камчыевичтин жеке менчигиндеги 0,078 га жери айыл өкмөтүнүн балансына алууга уруксат берилсин.
2. Айры-Там айылындагы чек ара тилкесинде жайгашкан Токтошов Сутаналынын жеке менчигиндеги 0,055 га жери айыл өкмөтүнүн балансына алууга уруксат берилсин.
3. Айры-Там айылындагы чек ара тилкесинде жайгашкан Коргонов Токтоматтын жеке менчигиндеги 0,02 га жери айыл өкмөтүнүн балансына алууга уруксат берилсин.
4. Айры-Там айылындагы чек ара тилкесинде жайгашкан Момунов Абдиназардын жеке менчигиндеги 0,063 га жери айыл өкмөтүнүн балансына алууга уруксат берилсин.
5. Ала-Бука райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы 1-Май айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге жүктөлсүн
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы:
Н.Абдырайымов.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О Государственной границе Кыргызской Республики»Закон · 16.05.2015 · № 98