Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 50 AI answers a month - free.
For example:
Нарын шаардык кеңешинин «Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайдын курулуш иштеринин 1-этабы бүткөндүгүнө байланыштуу муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 26-февралы № 3 Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайдын курулуш иштеринин 1-этабы бүткөндүгүнө байланыштуу муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарынын жана “Турак жай” Кодексинин негизинде, Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган турак жайдын курулуш иштеринин 1-этабы аяктагандыгына байланыштуу депутаттардын талкуусунан кийин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин 5-февраль 2019-жылдагы “Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайды муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө” №1 токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Нарын шаарындагы А.Калыков көчөсүндөгү ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган 2 кабаттуу, 10 батирлүү, 1 (бир) бөлмөдөн турган турак жайды муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу Нарын шаарынын мэрине тапшырылсын.
Төрага
Ж. Ботоканов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 50 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 1 · related 3
Cited by (1)
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О муниципальной собственности на имущество»Закон · 15.03.2002 · № 37
- Жилищный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force