Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Чет-Нура айылдык кеңешинин «Чет-Нура айыл аймагындагы биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун Жобосун бекитүү жөнүндө»токтому
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2019-жылдын 13-марты №17/20 Чет-Нура айыл аймагындагы биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун Жобосун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде айыл өкмөтү тарабынан калкка көрсөтүлгөн кызматтарды биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагындагы биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун Жобосу бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага:
Т.Садыкбеков
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 13-мартындагы №17/20 токтому менен бекитилди
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Жобо айыл аймактын чегинде жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын изилдөө боюнча биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (мындан ары – БМ ж Б Тобу) ишмердүүлүгүнүн мазмунун жана тартибин аныктайт.
1.2 БМ ж Б Тобу жергиликтүү жамаатка берилген кызмат көрсөтүүнүн/жумуштардын сапатына мониторингдик изилдөө жүргүзүү максатында түзүлөт.
1.3 БМ ж Б Тобунун мүчөлөрүнүн курамы ыктыярдуу негизде түзүлөт, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, тартылган адистер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана жергиликтүү жамааттын жашоочулары кирет.
1.4 БМ ж Б Тобу өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча айыл өкмөт башчыга, айылдык кеңештин төрагасына жана жергиликтүү жамаатка отчет берет. Отчеттуулуктун формасын Топтун мүчөлөрү аныкташат.
2. БМ ж Б Тобунун компетенциясы
2.1 БМ ж Б Тобунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоо; кызмат көрсөтүүнүн кабыл алынган стандарттарга шайкештигин баалоо; колдонулган ресурстардын сапатын баалоо; комплекстүү анализ жана баалоо.
2.2 БМ ж Б Тобунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана натыйжалуулугуна мониторингдик изилдөөлөрдү жүргүзөт; процесске жана жетишилген максаттардын эффективдүүлүгүнө анализ жүргүзөт; алынган жыйынтыктарды иштетет жана аларга анализ жүргүзөт; сунуштамаларды иштеп чыгат; жыйынтыктарды жыйналыштарда талкуулайт; мониторингдин жыйынтыктарына эсеп жүргүзөт.
2.3 БМ ж Б Тобунун укуктары:
кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдөн маалымат алууга;
2.4 БМ ж Б Тобунун компетенциясына кирген изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн айыл өкмөт башчысынан жана кызматкерлеринен зарыл документтерди жана материалдарды алууга укуктуу.
Айыл өкмөт башчысына, айылдык кеңештин төрагасына жана жергиликтүү жамаатка мониторингдик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын берүүгө укуктуу.
3. БМ ж Б Тобунун мүчөлөрү.
3.1 БМ ж Б Тобунун мүчөлөрү укуктуу:
БМ ж Б Тобунун иш процессинде өз каалоолорун, шектенүүлөрүн, тыянактарын айтууга; БМ ж Б Тобунун каалаган кызыктырган мезгили ичинде ишинин абалы жана жыйынтыктары жөнүндө маалымат алууга; БМ ж Б Тобунун курамынан каалаган учурда чыгууга.
3.2 Мониторинг тобунун мүчөлөрүнүн милдеттери:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана БМ ж Б Тобу жөнүндө ушул Жобонун алкагында иш жүргүзүүгө; топтун жетекчисине өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду берүүгө; топтун жетекчисинин тескемелерин аткарууга.
4. БМ ж Б Тобунун ишмердүүлүгүнүн ченемдик-укуктук коштоосу
4.1 БМ ж Б Тобу өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин карманууга тийиш.
5. БМ ж Б Тобунун ишмердүүлүгүнүн тартиби
5.1 Мониторинг тобун айыл өкмөт башчысы же айылдык кеңештин төрагасы дайындаган төрага жетектейт.
5.2 Топтун курамы беш мүчөдөн кем болбошу керек:
5.3 Мониторинг тобунун курамы жана анын жетекчиси айыл өкмөт башчынын же айылдык кеңештин төрагасынын чечими менен бекитилет.
5.4 Топтун жыйналышы кварталына бир жолудан кем эмес жана/же зарылчылыгына жараша өткөрүлөт.
5.5 Жыйналыштардын протоколуна Мониторинг тобунун жетекчиси жана мүчөлөрү кол коюшат.
5. БМ ж Б Тобунун иштөө мөөнөтү
6.1 Топтун иштөө мөөнөтү план-тапшырманын мазмуну менен аныкталат. Эгерде ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү аныкталбаса, Мониторинг тобу өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет бергенден кийин ишин токтотот. Мониторинг тобунун иштөө мөөнөтү аны түзүү жөнүндө буйрук менен аныкталат.
7. Мониторингдин натыйжалары
7.1 Мониторингдик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча Протокол түзүлүп, сунуштамалар иштелип чыгат.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «Об обеспечении пожарной безопасности»Закон · 07.06.2016 · № 78 · No longer in force