Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жошолу айылдык кеңешинин «Жошолу айыл өкмөтүндөгү үй куруу үчүн планга берилген жер жөнүндө» токтому
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХVII заседаниеси
2019-жылдын 17-июну № 27/3 Жошолу айыл өкмөтүндөгү үй куруу үчүн планга берилген жер жөнүндө Жошолу айыл өкмөтүнүн салык жана жыйымдар боюнча кызматкери А.Жеенбековдун үй куруу үчүн планга берилген жер жана аны жарандардын пайдалануусу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХVII заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүндөгү үй курууга берилген жер пландар айыл өкмөтүнүн тиешелүү жооптуу адистери тарабынан такталып жана инвентаризациялансын.
2. 5 жылга чейин негизсиз себептер менен (жашырып жүргөн ж.б.) жер салыгын төлөбөгөн жарандарга берилген жер пландарынын мыйзамдуулугу каралып, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 46 Мыйзамы менен күчүнө киргизилген жер кодексинин жана салык мыйзамдарынын негизинде айыл өкмөттүн балансына кайтарып алуу жагы каралсын.
3. Кыргыз Республикасынын жер боюнча кодексинин 11-главасында каралган жер участогун алып коюунун өзгөчө учурлары, 66-статьясындагы көрсөтүлгөн жер участогун алып коюунун негиздери боюнча иш тиешелүү адистер тарабынан алынып барылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановго, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин экономикалык саясат, муниципалдык менчик, жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жана жеке өз көзөмөлүмө калтырамын.
Төрага
З. Боронов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики»Закон · 02.06.1999 · № 46 · No longer in force