Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Дөң-Булак айылдык кеңешинин «Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай, Төөлөс, Бабаш уулу, Бөксө-Жол айылдары Евро өнүктүрүү банкынын ири долбооруна киргендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча бөлүмүнүн сунушу таза суу пайдалануучуларынын төлөмүн жогорулатуу жөнүндө» токтому
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XXVI- сессиясы 2019-жылдын 29-апрели № 109 Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай, Төөлөс, Бабаш уулу, Бөксө-Жол айылдары Евро өнүктүрүү банкынын ири долбооруна киргендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча бөлүмүнүн сунушу таза суу пайдалануучуларынын төлөмүн жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Евро өнүктүрүү банкынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча бөлүмүнүн сунушу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай, Төөлөс, Бабаш уулу, Бөксө-Жол айылдарытаза суупайдалануу боюнча төлөмдүк тарифин бекитип берүү жөнүндөгү сунуштарды карап жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу Ммалекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча бөлүмүнүн сунушу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай, Төөлөс, Бабаш уулу, Бөксө-Жол айылдарытаза суупайдалануу боюнча төлөмүнүн тарифи:
-Таза суу акысынын тарифи бир куб суунун баасы 25 сом 04 тыйындан бекитилсин; -Чымбай, Төөлөс, бабаш уулу, Бөксө-Жол айылдарындагы суу пайдалануучуларга: көчөдөн пайдалангандарга бир адамга бир айга 26 сом 29 тыйындан, короосунан пайдалангандарга бир адамга бир айга 45 сом 07 тыйындан, бюджеттик мекеме- уюмдарга бир куб суу акысы 31 сом 18 тыйындан, коммерциялык жана жеке менчик ишканалардын таза суу пайдалануусуна бир куб суу акысы 48 сом 77 тыйындан бекитилсин; -Техникалык шарттарды түзүү жана суу түтүктөрүнө туташтыруу кызматына жеке менчик үйлөр үчүн 2715 сом 06 тыйын, бюджеттик мекемелерге 2985 сом 46 тыйын, коммерциялык ишканалар үчүн 3245 сом 54 тыйын баада бекитилсин.
2. Тарифтин жогорулашы Чымбай, Төөлөс, бабаш уулу, Бөксө-Жол айылдарынын жашоочуларына таза суу ири долбоорунун алкагында жүрүп жаткандыгын түшүндүрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
П.А.Эсеналиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 1 · related 1
Cited by (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force