Дара айылдык кеңешинин «Кан, Жаңырык жана Кайыңды айылдарына байланыш түйүнүн куруу үчүн 10м2 жер аянттарын ажыратуу жана аукцион аркылуу ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 08-майы № 2 Кан, Жаңырык жана Кайыңды айылдарына байланыш түйүнүн куруу үчүн 10м2 жер аянттарын ажыратуу жана аукцион аркылуу ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө Кан, Жаңырык жана Кайыңды айылдарына байланыш түйүнүн куруу үчүн 10м2 жер аянттары ажыратуу жана аукцион аркылуу ижарага берүү боюнча жер адисинин милдетин аткаруучу С.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кан, Жаңырык жана Кайыңды айылдарына ар бир айылга 10м2 жер аянттарына байланыш түйүнүн куруу үчүн аукцион аркылуу ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Тийиштүү болгон иш-кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Баткен райондук архитектура жана шаар куруу, Баткен райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыктарынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага
М.Султанов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.