Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Токтогул шаардык кеңешинин «Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 15.02.2017-жылдагы кезектеги XXIV сессиясынын № 116 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому
Токтогул шаардык кеңешинин 2025-жылдын 06-февралындагы № 22 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКТОГУЛДУК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2019-жылдын 08-февралы № 40 Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 15.02.2017-жылдагы кезектеги XXIV сессиясынын № 116 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Салык Кодексинин 341-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Токтогул шаарынын аймагында зоналык коэффициентти кайрадан карап чыгуу боюнча шаардык кеңештин “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 15.02.2017-жылдагы кезектеги XXIV сессиясынын № 116 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча буруктуу комиссиянын чечими жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Аталган токтомдун 1-пункту “Токтогул шаарынын аймагында үйдүн жанындагы, короо жай жана багбанчылык-огород жер участоктор үчүн зоналык коэффициент 1,0 өлчөмүндө калтырылсын” деген сүйлөм менен толукталсын жана бул коэффициент ушул багытта жер салыгын эсептөөдө гана колдонулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага:
М.Н.Жусупахунов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Распоряжение Премьер-министра КР от 21 сентября 2011 года № 440 "Об Айтбаеве У.Ш."Распоряжение · 21.09.2011 · № 440
- Налоговый кодекс КРКодекс · 17.10.2008 · № 230 · No longer in force