Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин «Кара–Кулжа-Ош, Кара–Кулжа-Өзгөн, Кара-Кулжа –Мырза-Аке маршруттарынын тарифтерин бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин кезектүү он төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 21-февралы № 14/2 Кара–Кулжа-Ош, Кара–Кулжа-Өзгөн, Кара-Кулжа–Мырза-Аке маршруттарынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 19.07.2013-жыл № 154 “Автомобиль транспорт жөнүндөгү” Мыйзамынын 11/2 беренеси “Жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтер, автомобильдик ташуунун тарифтик саясатынын алкактарында өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилиши жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 4 -“Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып Кара–Кулжа-Ош, Кара–Кулжа-Өзгөн, Кара-Кулжа –Мырза-Аке маршруттарынын тарифтерин бекитүү жөнүндө депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынын 18.02.2019-жылдагы чечиминин негизинде Кара-Кулжа айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара–Кулжа-Ош каттамы 100 (жүз) сом, Кара–Кулжа-Өзгөн каттамы 50 (элүү) сом, Кара-Кулжа–Мырза-Аке каттамы 30 (отуз) сом өлчөмүндө тарифтери бекитилсин.
2. Кара–Кулжа-Ош, Кара–Кулжа-Өзгөн, Кара-Кулжа –Мырза-Аке каттамынын тарифтерин жетекчиликке алуу жагы “Ошазиямагистраль” ОсОО жана жүргүнчүлөрдү ташып кызмат көрсөткөн жалпы жоопкерчилиги чектелген ишканаларга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айылдык кеңешинин курулуш, транспорт, өнөр жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Бекеновго тапшырылсын.
Төрага
Б. Саипов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «Об автомобильном транспорте»Закон · 19.07.2013 · № 154
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force