Кара-Көл шаардык кеңешинин «Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.03.2017-жылдагы № 6/3-7 токтомунун 1-тиркемесиндеги Кара-Көл шаардык кеңешинин иштөө Регламентине толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-марты № 144/26-7 «Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.03.2017-жылдагы № 6/3-7 токтомунун 1-тиркемесиндеги Кара-Көл шаардык кеңешинин иштөө Регламентине толуктоо киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 32 -беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.03.2017-жылдагы № 6/3-7 токтомунун 1-тиркемесиндеги Кара-Көл шаардык кеңешинин иштөө Регламентинин 12-Главасы төмөндөгүдөй бөлүк менен толукталсын:
12.6. Депутаттар сессиянын жыйналыштарына катышууга келгенден кийин, сессия бардык маселелерди карап жабылганга чейин жүйөлүү себептерсиз аны таштап кетүүгө жол берилбейт. Сессиянын жүрүшүндө төрага танапис жарыялаганга чейин сыртка чыгып кетүүгө жол берилбейт.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.03.2017-жылдагы № 6/3-7 токтомунун 1-тиркемесиндеги Кара-Көл шаардык кеңешинин иштөө Регламентинин 3-Главасынын 3.2. бөлүгүнүн 1- абзацына “шаардык кеңештин сессиясын чакырат жана алып барат” деген сөздөрдөн кийин жана сессиянын жүрүшүндө танапистерди жарыялай алат” деген сөздөр менен толукталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык кеңештин төрагасына (Б.Н.Кыргызалиев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага
Б.Н. Кыргызалиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Кара-Көл шаардык кеңешинин 2017-жылдын 16-мартындагы № 6/3-7 "Кара-Көл шаар аймагынын Кара-Көл шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.03.2017 · № 6/3-7
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force