Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Зергер айылдык кеңешинин «Зергер айыл аймагындагы калктуу конуштардын чекараларын бекитүү жөнүндө»токтому
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 6 -чакырылыштагы кезектеги 18-сессиясы 2019-жылдын 13-марты № 63 Зергер айыл аймагындагы калктуу конуштардын чекараларын бекитүү жөнүндө Зергер айылдык кенешинин кезектеги 18-сессиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114 токтомун ишке ашыруу максатында Зергер айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-июлундагы №220 буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия менен биргеликте Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо институту тарабынан жасалган калктуу конуштардын чекараларын тактоо чегара сызыктарын бекитүү баяндамасын карап чыгып ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114 токтомун ишке ашыруу максатында Зергер айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-июлундагы №220 буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия менен биргеликте Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо институту тарабынан жасалган калктуу конуштардын чекаралары, чегара сызыктары баяндамасы менен бекитилсин.
2. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл –суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага
С.Кулушов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 3 марта 2014 года № 114 "О проведении инвентаризации земельного фонда Кыргызской Республики"Постановление · 03.03.2014 · № 114 · No longer in force