Кара-Таш айылдык кенешинин «Кара-Таш айыл аймагына караштуу Капчыгай массивиндеги (Туя-Моюн) уран калдыктары калган жер аянты тууралуу» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Таш айыл кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы
2018-жылдын 30-августу № 1 Кара-Таш айыл аймагына караштуу Капчыгай массивиндеги (Туя-Моюн) уран калдыктары калган жер аянты тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 23-мартындагы №161 “Иштетилип бүткөн кен иштетүү ишканаларынын калдык сактоочу жайларын жана кен алынгандан кийинки тектерин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана граждандык коргонуу боюнча министрлигине кайра бекитип берүү жана аларды реабилитациялоо чаралары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомдун долбоорунун негизинде негиздеме-маалымкат келген. Анда жазылгандай Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүндө жайгашкан жалпы аянты 243,43 га ды түзгөн Туя-Моюн кен калдыгын тартипке келтирүү, кароосуз калган кен калдыктарын КР ӨКМнин карамагына алуу, мындан ары кен калдыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биринчи кезекте иш чараларды жүргүзүү тууралуу маалымат жазылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна негиздеме-маалымкаттын негизинде жогоруда айтылган Туя-Моюн кен калдыгын КР ӨКМнин карамагына алуу боюнча маселе Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын арасында талкууга коюлуп, кеңири ой-пикирлерди жаратты. Жогорудагы маселе боюнча ой-пикир, сунуштарды угуп, талкуулап Кара-Таш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл аймагына караштуу Капчыгай массивиндеги (Туя-Моюн) уран калдыктары калган жалпы аянты 243,43 га барабар болгон жер аянты Кара-Таш айыл өкмөтүнүн карамагында калтырылсын.
2. Коопсуздук иш-чараларын алып баруу жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилип, керектелүүчү материалдык чыгымдар 2019-жылдын чыгашаларына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Таш айылдык кенешинин укук, мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муктарбек уулу Бектурга милдеттендирилсин.
Төрага
Н. Джаныбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.