Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин «“Таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2018-жылга аткарган иштери жана 2019-жылга карата иш планын бекитүү» токтому
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Эл депутаттарынын Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2019-жылдын 28-январы № 79 “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2018-жылга аткарган иштери жана 2019-жылга карата иш планын бекитүү Кетмен-Дөбө таза аймак муниципалдык ишкансынын 2018-жылга карата аткарган иштери боюнча жетекчиси Мамаев Ызатбек Кадыровичтин оз арзынын негизинде иштен кеткендигине байланыштуу бахгалтери Дүйшөнова Жаңыл маалымат берди.Айыл өкмөтүнүн бухгалтери Карымшакова Гүлмира Казаковна төмөнкүлөргө токтолду: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош щаары,Ош жана Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2018-жылга карата түзүлгөн аудиттин планы жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 01-16/252 буйругу жана № 233 күбөлүгү,мамлекеттик инспектору Т.Атантаев,аудит камтыган мөөнөт 2016-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүн жана аткарылышын,формулировкасын анын ичинен атайын жана бюджеттик эмес каражаттардын,ресурстарынын туура бөлүнүшүн жана пайдаланышын 2018-жылдын 11-сентябрынан баштап карап чыгуу боюнча өткөрүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндөгү 2018-жылдын 28-сентябрындагы АКТысында Кыргыз Республикасынын социалдык фондусунун 4-июнь 2008-жылдагы бекитилген №73-А токтомуна жана КРнын 2000-жылдын 17-мартындагы №142 “Киреше салыгынын эсептелиниши жана төлөнүүсү”токтомдоруна ылайык кошумча эсептелинген социалдык фонд төлөмү 94,4 миң сомунун ичинен :10%-4,9 миң сом ,17,25%-89,5 миң сом .Ошондой эле киреше салыгы 24,3 миң сомду тиешелүү бюджеттерге өз учурунда которуп берүү“Таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мамаевге жана бухгалтери Дүйшеновага милдеттендирилгендигин билдирди.Жыйынтыгында “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын иши боюнча угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жалпы элдик жыйынына отчеттук маалыматты даярдап алып чыгуу Таза аймак ишканасынын бухгалтери Дүйшеновага милдеттендирилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы И.Чороевге жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага
О. Б. Көксариев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 17 марта 2000 года №142 "О мерах по реализации требований Налогового кодекса Кыргызской Республики"Постановление · 17.03.2000 · № 142 · No longer in force