Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин «Жаны-Арык айылы 25-февраль 2016-жыл Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө» токтому
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Vчакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
2016-жылдын 25-февралы № 22/1 Жаны-Арык айылы 25-февраль 2016-жыл Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө «Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга карата жергиликтүү бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан сунуш кылынган көрсөткүчтөрдү карап чыгып, Жаңы-Арык айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн долбоору 2016-жылга 16464,1 миң сом, анын ичинен атайын каражаттар 1816,0 миң сом, 2017-жылга 16500,4 миң сом жана 2018-жылга 17439,4 миң сом, өлчөмүнө ылайык бекитилсин.
2.2015-жылга карата Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 13338,0 миң сом аткарылышы 10909,8 сом өлчөмүндө бекитилсин деп табылды.
3. Жаңы-Арык айыл округунун бюджетинде калган калдык 39,3 миң сом акча каражаты кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
4. Жаңы-Арык айыл округунун аппарата иштеген кызматкерлеринин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июну № 384 Токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 23, анын ичинен 3 айыл башчылардын штат бирдиги (эмгек акысы жетектөөчү-адис коэффициентинде бекитилсин), кенже кызматкерлер 2 штат бирдиги бекитилсин жана чинге карата кошумча төлөөлөр төлөнүп берилсин.
5. 2016-жылга бекитилген бюджетин аткарууда Жаңы-Арык айыл округу жыл ичинде ФЭБ башчысы Т.Абдибаитовага бюджетке өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү укугу берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
М.Шерматов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 28 июня 2013 года № 384 "Об условиях оплаты труда государственных и муниципальных служащих Кыргызской Республики"Постановление · 28.06.2013 · № 384 · No longer in force