Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ноокат шаардык кеңешинин «Ноокат шаардык мэриясына караштуу балдар бакчаларына эсеп-учетун жүргүзүп жаткан эсепчилердин эмгек акыларына кошумча акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө» токтому
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ V чакырылышынын XV сессиясы 2018-жылдын 19-ноябры № XV-4 Ноокат шаардык мэриясына караштуу балдар бакчаларына эсеп-учетун жүргүзүп жаткан эсепчилердин эмгек акыларына кошумча акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы №482 токтомуна ылайык, Ноокат шаардык мэриясына караштуу балдар бакчаларына эсеп-учетун жүргүзүп жаткан эсепчилердин эмгек стажы жана чини көрсөтүлбөй калгандыгына байланыштуу эмгек акыларына кошумча акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаардык мэриясына караштуу балдар бакчаларына эсеп-учетун жүргүзүп жаткан эсепчилерге үнөмдөлгөн акча каражаттын эсебинен эмгек акыларына кошумча 89,7 миё сом, соц. фонд үчүн 15,5 миё сом, жалпысы болуп 105,2 миё сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Гафаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.