Корул айылдык кеңешинин «Тогуз-Булак айылынын тургундары Аматкулов Нурдиндин жана Маданбеков Амиракулдун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 6-чакырылышынын 17-отуруму 2018-жылдын 31-майы № 17/10 Тогуз-Булак айылынын тургундары Аматкулов Нурдиндин жана Маданбеков Амиракулдун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, Тогуз-Булак айылынын тургундары Аматкулов Нурдинге жана Маданбеков Амиракулга Сай участкасындагы бош жаткан жерден көрктөндүрүү үчүн жер аянтын чектеп берүү жөнүндө Корул айылдык кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сай участкасындагы айыл чарбасына жараксыз жерден көрктөндүрүү үчүн Тогуз-Булак айылынын тургундары Аматкулов Нурдинге жана Маданбеков Амиракулга 0,10 га жер аянты чектелип берилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго милдеттендирилсин.
Төрага
Т.Маназаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Закон «О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 16.11.2011 · № 213 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force