Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин «Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүндɵгү айыл чарба жерлеринин кайра бɵлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын иш Регламентин бекитүү жɵнүндɵ» токтому
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVIII сессиясынын (бешинчи чакырылышы) 2018-жылдын 12-октябры № 10 Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүндɵгү айыл чарба жерлеринин кайра бɵлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын иш Регламентин бекитүү жɵнүндɵ Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243-токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобонун 22-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүндɵгү айыл чарба жерлеринин кайра бɵлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын иш Регламенти бекитилсин. (тиркеме тиркелет 3 баракта)
2. Бекитилген иш Регламентине ылайык иш алып баруу жер комиссиясына милдеттендирилсин. (А.Адашов)
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин тɵрагасынын орун басарына жүктɵлсүн. (А.Мурзаев)
Төрага
А.Д.Беделов
БЕКИТЕМИН Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин 2018-жылдын “12” –октябрындагы ХХVIII сессиясынын №10 токтому _______________________ (А.Б.Беделов)
Ош облусундагы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүндөгү айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын иш
РЕГЛАМЕНТИ Жалпы жоболор Жер комиссиясын түзүү тартиби Жер комиссиясынын кызматтары Жер комиссиясынын отурумун уюштуруу жана өткөрүү тартиби
1.Жалпы жоболор
1.1. АКФнын жер участокторунун берүү боюнча жер комиссиясы өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 03-сентябрындагы №602- токтому менен бекитилген АКФнын жерлерин берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобого, ушул Регламентке жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырат.
2. Жер комиссиясын түзүү тартиби
2.1. Жер комиссиясынын курамы Отуз-Адыр айылдык Кеңеши тарабынан бекитилет.
2.2. Жер комиссиясынын ишмердигин уюштуруу жагын камсыз кылууну Отуз-Адыр айыл өкмөтү ишке ашырат.
2.3. Жер комиссиясы 7 адамдан кем эмес санда түзүлөт, анын курамына жергиликтүү кеңештин 3төн аз эмес депутаттары кирет
Айыл өкмөт башчысы Комиссиянын курамына кызматы боюнча кирет Жер комиссиясынын курамына ошондой эле айыл башчылар, коомчулуктун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн. Жер комиссиясынын курамына кирген депутаттардан комиссиянын төрагасы шайланат. Жер комиссиясынын катчысы болуп айыл өкмөтүнүн, поселоктук, шаардык башкармалыктын катчысы дайындалат. Агрардык өнүктүрүүнүн райондук башкармалыгынын өкүлү Жер комиссиясынын отурумуна байкоочу катары катышканга укуктуу.
2.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аукционду алып баруучу дайындалат
3.Жер комиссиясынын кызматтары
3.1. Жер комиссиясы төмөнкү кызматтарды аткарат:
-аукционду өткөрүү датасын, ордун жана тартибин аныктайт; -лотторду түзөт; -ижара акысынын баштапкы же такталган (фиксированный) өлчөмүн аныктайт; -конкурстун шарттарын аныктайт;
- кепилдик төлөмүнүн өлчөмүн аныктайт;
- лоттордун чек араларын аныктайт
- ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүн аныктайт;
-Ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт; -ар бир лот боюнча аукциондун «арымынын» өлчөмүн аныктайт; -ижара акысын төлөө формаларын жана мөөнөтүн аныктайт; -сооданын жыйынтыктарынын протоколуна кол коет;
- конкурсту өткөрөт;
- талапкерлерди аукционго катыштыруу (же катыштырбоо) тууралуу чечим кабыл алат;
- кабыл алынган арыздардын жана аларга тиркелген документтердин КР аракеттеги мыйзамдарына ылайык ижарачыга коюлуучу талаптарга жооп берерин текшерет;
- сооданын өткөрүү жол жобосу менен байланышкан бардык талаш маселерди чечет;
- КР мыйзамдары менен аныкталган башка кызматтарды аткарат.
3.2. Жер комиссиясы төмөнкүлөргө:
- мамлекеттик администрациясынын тиешелүү кызматтарынан, түзүмдөрүнөн жана чарба жүргүзүүчү субьектилерден документтерди, бүтүмдөрдү, экспертиза актыларын жана отрумдарда каралуучу маселелерге тиешеси бар башка материалдарды алганга;
-эксперттерди, анын ичинде көз каранды эмес эксперттерди, тиешелүү бүтүмдөрдү даярдоо боюнча ишке тартканга; -өз ишмердиги жөнүндөгү материалдарды массалык маалымат каражаттарында жарыялаганга укуктуу.
4. Жер комиссиясынын отурумун уюштуруу жана өткөрүү тартиби
Жер комиссиясы өз ишмердигин отурум түрүндө ишке ашырат. Отурумдардын жыйынтыктарына протокол толтурулат, ага Жер комиссиясынын катчысы. Төрагасы жана башка бардык катышкан мүчөлөрү кол коет. Жер комиссиясынын отуруму Комиссиянын төрагасы аныктаган күндөрү өткөрүлөт. Жер комиссиясынын отурумун Жер комиссиясынын төрагасы алып барат. Төрага жок болуп калганда отурумду Комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланган Жер комиссиясынын төрагасынын орун басары өткөрөт. Эгерде отурумга добуш бергенге укуктуу мүчөлөрдүн жарымынан көбү катышкан болсо, Жер комиссиясы өз компетенциясына тиешелүү чечимдерди кабыл алганга укуктуу. Жер комиссиясынын чечими ачык добуш берүү жолу менен. катышкандардын жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот. Жер комиссиясынын мүчөсү түздөн түз каржылык жактан кызыкдар же арызы каралып жаткан адамга тууган болсо, Комиссиянын мындай мүчөсү бул маселени караганга жана ал боюнча чечим кабыл алганга укуктуу эмес. Жер комиссиясынын мүчөлөрүнө, райондук Агрардык өнүктүрүү департаментинин өкүлүнө боло турган отурум жөнүндө аны өткөргөнгө 3 күн калганга чейин кабарланат. Отурумдун башында Жер комиссиясынын төрагасы талкууланып жаткан маселени мүнөзүнө жана ыйгарым укуктуу органдардан жана эксперттерден түшкөн расмий бүтүмдөргө жараша иштөө тартибин аныктайт.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 22 июня 2007 года № 243 "О Типовом положении об условиях и порядке предоставления в аренду земель Фонда перераспределения сельскохозяйственных…Постановление · 22.06.2007 · № 243
- Постановление Правительства КР от 3 сентября 2012 года № 602 " О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики О Типовом положении об условиях и порядке…Постановление · 03.09.2012 · № 602