Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 20-январындагы №6 токтому менен кабыл алынган Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (алтынчы чакырылышы) XVII сессиясы
2018-жылдын 30-ноябры № 71 “Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 20-январындагы №6 токтому менен кабыл алынган Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2018-жылдын 15-февралындагы №21 Мыйзамынын жана шаардык кеӊештин регламентинин 5-бөлүм 17-главасынын 17.1. пунктунун негизинде шаардык кеӊештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап Сүлүктү шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 20-январындагы II -сессиясынын №6 токтому менен кабыл алынган Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 3.1. пунктунун 2 абзацыдан кийин төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын
- “Эгерде шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, шаардык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет.”
- “ Тиешелүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана башка шайлоонун жол-жоболук маселелери тиешелүү жергиликтүү кеңештин регламентинде аныкталат”.
- “ Эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт”.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтуу сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага м.а
Г.Самадова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 1
References (2)
- Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 20-январындагы № 6 "Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2017 · № 6
- Закон «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении»Закон · 15.02.2018 · № 21 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force