Будалык айылдык кеңешинин ”Алмалуу” “Бука Булак” таза суу ишканасына суу түтүктөрүн өткөрүп берүү жана анын тарифтерин бекитүү жөнүндө” токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 6 ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ 16 ЗАСЕДАНИЕСИ
2018-жылдын 27-январы № 16\4 ”Алмалуу” “Бука Булак” таза суу ишканасына суу түтүктөрүн өткөрүп берүү жана анын тарифтерин бекитүү жөнүндө” Октябрь, Кайнама айылдарындагы “Алмалуу” таза суу түтүгү, Кара Суу, Кум Шоро, Тамга Терек айылдарын “Бука Булак” таза суу түтүгү жөнүндө айыл өкмөт башчы З.Каримовдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Будалык айылдык Кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Октябрь, Кайнама айылдарындагы суу түтүгү “Алмалуу” таза суу ишканасы болуп,түзүлүп, Октябрь айылынын жашоочусу Айдаров Азизбекке, Кара Суу, Кум Шоро, Тамга Терек айылдарын таза суу түтүгү “Бука Булак” таза суу ишканасы болуп бүзүлүп, Кара Суу айылынын тургуну Джантороев Нурбек Омаровичке өткөрүп берилсин.
2. Таза суу ишканаларынын тарифтери ар бир адамга убактылуу 15(он беш) сомдон деп бектилсин.
3. Таза суу ишканаларынын тарифтерин бекитүү үчүн Ош областтык антимонополия ишканасынан тиешелүү иш кагаздарын даярдап келип кайрадан бекиттирүү жагы Айдаров Азизбекке жана Джантороев Нурбек Омаровичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы З.Каримовго тапшырылсын.
Төрага
С.Рахматов
Будалык айыл өкмөтүнүн башсысы З.Каримовдун билдирүүсү
Урматтуу депутаттар! Баарыныздарга белгилүү болгондой“Ассалам” кайрымдуулук фонду биздин элибиз үчүн көптөгөн колдоолорду көрсөтүп келе жатышат.Сиздерге маалымат үчүн айтып коюшум керек Кум Шоро айылына 1мечитти толук бүткөрдү. Кара Суу районуна жер көчкүгө байланыштуу көчүрүлгөн Жаны Будалык айылына эмкана, мечит куруп берди. Мына быйылкы жылы “Ассалам” кайрымдуулук фондусунун колдоосу менен Кара Суу айылында 5км суу түтукчөсү жаныланып, алмаштырылды Жалпы 300мин сом акча каражаты сарпталды. Тамга Терек айылындагы жамааттардын жана демөөрчүлөрдүн аракети менен 3км желим түтүкчө алынып, Тамга Терек айылына таза суу жеткирилди.Бул иштерге 60мин сомдон ашык акча каражаты сарпталды. Суу түтүгүнө тиешелүү иш кагаздары даярдалып, Октябрь, Кайнама айылдарындагы суу түтүгү “Алмалуу” таза суу ишканасы болуп,түзүлүп, Октябрь айылынын жашоочусу Айдаров Азизбекке, Кара Суу, Кум Шоро, Тамга Терек айылдарын таза суу түтүгү “Бука Булак” таза суу ишканасы болуп бүзүлүп, Кара Суу айылынын тургуну Джантороев Нурбек Омаровичке өткөрүп берилди. Бул ишканалардын тиешелүү документтери Ош областтык Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлүп, ишкана катары күбөлүктөрү берилди. Таза суу ишканаларынын тарифтери ар бир адамга убактылуу 15(он беш) сомдон деп бектип берип турсаныздар дагы карап чыгып, Ош областтык антимонополия ишканасынан тиешелүү иш кагаздарын даярдап келип кайрадан карап чыгуу керек.
Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы
З.Каримов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении»Закон · 27.01.2018 · № 16 · No longer in force