Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кашка-Суу айылдык кеңешинин «Калктуу конушка жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө» токтому
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2018-жылдын 21-сентябры № 4 Калктуу конушка жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бакировдун Кашка-Суу айыл аймагына караштуу «Бурган-Суу» участкасындагы № 213 контурундагы 13 га жайыт эсебиндеги жана №226, №227 контурундагы 17 га, жалпы 30 га жайыт эсебиндеги жер аянтын, Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чон-Памиринен келген этностук кыргыздарды жайгаштыруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынын «жайыт түрүнөн», «Калктуу конуштун жерлери» түрүнө которууга макулдукберүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11,15-беренелерине, 2013-жылдын 15-июнундагы №145 жер участокторун которуу( трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-июнундагы №95 Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамына ылайык Кашка-Суу айыл аймагына караштуу «Бурган-Суу» участкасындагы №213 контурундагы 13га жайыт эсебиндеги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 5-ноябрындагы №690 токтому менен жайыт эсебине которулган №226, №227 контурундагы 17га, жалпы 30 га жайыт эсебиндеги жер аянтын, Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чон-Памиринен келген этностук кыргыздарды жайгаштыруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынын «жайыт түрүнөн», «Калктуу конуштун жерлери» түрүнө которууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын тактап даярдоо жана жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бакировго жана жер адиси Ө. Шаңшоевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Экономика, инвеситициялардын тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш коммуникация боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага
Ы. Ж. Эрмаматов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 5 ноября 2001 года N 690 "О трансформации сельскохозяйственных угодий"Постановление · 05.11.2001 · № 690
- Закон «О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования»Закон · 01.06.2017 · № 95