Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ак-Жол айылдык кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмүнөн 14.11.2017-жылы 01-12/719 номери менен келген катын кароо жөнүндө” токтому
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII- чакырылышынын кезексиз V-сессиясы 2017-жылдын 21-ноябры № 7/4 “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмүнөн 14.11.2017-жылы 01-12/719 номери менен келген катын кароо жөнүндө” Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы С.Ажыматовдун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош,Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмүнүн жазма буйругунда көрсөтүлгөн катачылыктар үчүн айыл Өкмөтүнүн материалдык бухгалтери Т.Нурманбетовго эскертүү берилсин.
2. 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына карата жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында чыккан инвентаризация учурунда аныкталган 29,0 миң сомдук ашыкча материалдык баалуулуктар баланска алынсын.
3. Ак-Жол Жайыт пайдалануучулар бирикмесинде бухгалтердик эсептер жана финансылык отчеттор Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик учет жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы №231 токтому менен бекитилген Инструкциясына негиз жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э.Эшалиевге милдеттендирилсин.
Төрага
Т.Батыралиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.